“Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базардагы орундуктар тар болуп калган” деп айтылып жаткан айрым пикирлерге Ош базар дирекциясынын жетекчиси Чыңгыз Шерматов жооп берди.
«Орундуктарды 6, 7 чарчы метр кылганбыз. Эл базарды жылдырып жатат десе, «Дордой» менен «Кара-Сууну» жылдырып жатат деп ойлоп жатат. Мурда ушундай сандыктар болгон. Бул 1 же 1,5 чарчы метр. Биз ошолорду 5 чарчы метр кылганбыз. Стандарт ошондой. Эң чоңдору 6 чарчы метр. Эл кайра-кайра мэрияга арыз менен кайрылып жатканына байланыштуу 5 чарчы метрди жок кылдык. 6-7 чарчы метр кылдык»,- деди ал.