1-июлдан тарта Ош шаарындагы Кара-Суу жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук базар Осмонов көчөсүндөгү жаңы муниципалдык базарга жылдырылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
«Учурда сатуучулар товарларын жыйнашып, жаңы жайга көчүүгө даярданышууда. Жаңы базар бардык санитардык жана коопсуздук талаптарына жооп берет, заманбап шарттар менен жабдылган жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жаңы муниципалдык базардын жайгашкан жери соодагерлер, сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу болуп, Ош эл аралык аэропортуна жана жаңы автобекетке жакын жайгашкан»,— деп айтылат маалыматта.
Ош мэриясы тараткан видеодон мэр Жеңишбек Токторбаевдин шорта сатып алып жатканын көрүүгө болот.