Кечээ, 12-мартта саат 09:11де Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн кесепетинен жалпы:
- 25 үй;
- 12 мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу зыянга учуруган.
Алай району боюнча 13 үй жабыркаган. Бирөөсүнүн абалы кооптуу.
Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон. Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 7 үй камсыздандыруудан өткөн, 6 үй камсыздандыруудан өткөн эмес.
Кара-Суу району боюнча:
- 12 мектеп;
- 12 үй;
- 1 бала бакча;
- 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу.
Жоош айыл аймагынан:
- 7 мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 үй зыянга учураган.
Ала-Тоо айыл аймагынан 1 мектептин, Датка айыл аймагынан 3 мектептин, Мады айыл аймагынан 7 үй, 1 үй бүлөлүк дарылоо тобу, Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үйдүн,
Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үйдүн дубалында жаракалар пайда болгон.
Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандыруудан өткөн эмес.