Бүгүн, 12-мартта саат 09:11де Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Мады айылындагы үйдө эки бөлмөнү бөлүп турган, чийки кыш менен салынган дубал урап түшкөн. Жабыркагандар жок. Кошумча жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин, Жоош, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы турак-үйлөрдө, социалдык объекттерде жүргүзөт.