Бүгүн, 19-июлда Камчыбек Ташиев Оштогу селден жапа чеккендерге кандай жардам берилерин айтты. УКМКнын төрагасы Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышып, жергиликтүүлөр менен жолугушуу үчүн барган.
▪️ Селден 76 үй жараксыз болуп калган. Аларга 1 миллион сомдон акча берилет.
▪️ Капиталдык оңдоого муктаж 56 үй бар. Аларга ээлерине 500 миң сомдон берилет.
▪️ Борбордук базарда 750 контейнерге зыяны тийип ичиндеги товарларды агызып кетти деп жатышат. Буга чейин катталып, салык, патент төлөп жүргөндөргө 100 миң сомдон берилет.
▪️ ЭлТР телеканалы жарыялаган видеодо Камчыбек Ташиев каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон берилери маалымдалды.