Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун суунун өтпөөсү үчүн таш тизип жүргөн видеосу жарыяланды.
Буга чейин Ошто нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен айдоочу каза болгон. ӨКМ маалымат таратып, сел суулары 34 үйдүн короосун каптаганын, анын ичинен 5 үйдүн жана мектептин жер төлөсүнө сел суусу киргенин билдирген. Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн буйругу менен Ош облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.