20-апрелден тарта Оштогу эски базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жаңы базарды кыдырып чыгуу учурунда билдирди.
Мындан тышкары, муниципалдык базарга жанаша инвесторлор тарабынан курулуп жаткан кошумча базарларды көрүп чыкты. Мэр базар жетекчилигине жана тишелүү кызматтарга 20-апрелден баштап, эски муниципалдык базарды көчүрүп чыгуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү, ошондой эле базардын тегерегинде бүтпөй калган жумуштарды ага чейин толук бүткөрүү, унаа токтоочу жайларды асфальттап бүтүрүү тапшырмасын койду.