Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Верх Увам көчөсүн аралап өткөн “Увам” каналынын корук аймагын сактабай көп кабаттуу турак жай куруп жаткан жана коомдук тамактануучу жайды ачып иштетип жаткан тараптардын ишмердүүлүгүн көрүп чыгып, жумушту токтотууну тапшырды.
Андан тышкары, ашкана суу бөлүштүрүүчү жайды тосуп, азык-түлүк сактоочу жай кылып алган. Шаар башчысы тез арада курулуштарды алып салуу иштерин алып барууну милдеттендирди.
Мэрия тараткан видеодо шаурма үчүн даярдалган тоок эттеринин жасалуу шарты тартылып калган.






