Мэр тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан өтүп кеткен коммерциялык жана башка багыттагы имараттардын мыйзамдуулугун карап чыгып, аларды баштапкы калыбына келтирүү, чыгып кеткендерди бузуп алып салуу боюнча ыкчам жумуштарды алып баруу тапшырмасын койду. Ошондой эле көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, көп жылдык жана ооруп кургап калган бак-дарактарды алмаштыруу, жашыл аймактарды көбөйтүү, жаңылоо зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев №6 Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында болду. Бул жерде тиешелүү кызматтарга билим берүү мекемесинин сырткы ажатканасын заманбап шарттары менен оңдоп түзөө, түнкү жарыктандыруу системасын жаңылоо боюнча сунуш даярдоо талабын койду.