Кечээ, 9-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн айылындагы спорт залдын ачылышынан соң «Аалам нуру» бала бакчасына кирген. Аталган бала бакчанын жетекчилиги мэрге духовка жоктугун айткан.
Мэр бул суранычты тез арада чечип, бала бакчага ашкана жабдыктарын белек кылууну убада кылган. 2 сааттан соң шаар башчынын тапшырмасы менен балдар бакчасына 2 духовкага кошо муздаткыч да жеткирип берилген.











