Бүгүн, 15-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте таңкы рейддик кыдырууну улантты.
Шаар башчысы бул жолу Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Шамшат, Мирзакантов, Бостон жана Мирзажанов көчөлөрүн көрүп чыкты.
Мэр аталган көчөлөрдө унаа жолго чейин чыгып кеткен жана каналдын суу корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча жеринде тапшырмаларды берди.