Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Керме-Тоо аймактык башкармалыгында кезектеги көчмө жыйын өткөрдү.
Ал жыйынга келгендердин алдында сүйлөп жатып, тургундардан аны колдоого чакырды.
«Мен буларды чуркагыла, турникке асынгыла деген жокмун. Өзүлөрү ден соолук үчүн чуркап жүрүшөт. Ден соолукка жакшы. Чуркап иштеп алгыла деп жатам. Анча-мынча тилдеп жаткандарды урушуп койсоңор, бизди колдоп турсаңар эле калганын өзүм алып кетем. Макулбу?» — деди ал.