Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин сүрөттөрүн пайдалануу менен чындыкка дал келбеген билдирүүлөр таратылып жатат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
«Мында айтылган маалыматтар жана “Ош мэри Жеңишбек Токторбаев 2027-жылда болчу президенттик шайлоого өз кандидатурасын коё турганын айтты” деген билдирүү калп жана чагымчылдык мүнөздө экендигин билдиребиз»,- дешти.