Төлөйкөн кичи шаарчасында Гапар Айтиев көчөсүн бойлой жаңы сквер пайда болот. Бул тууралуу 22-февралда рейд учурунда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
«Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга зарыл болгон жумуштарды баштоону тапшырган. Аталган иш-аракеттер шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Мэрия тараткан видеодон Жеңишбек Токторбаевдин «Абай, 100 миң түп роза эгесиң, жерге эгесиң, кагазга эмес» дегенин угууга болот.










