Бүгүн, 10-апрель күнү таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Жупас жана Кол өнөрчүлөр көчөсү көчөлөрүндө рейддик кыдырууну улантты.
Анын алкагында мэр бир күн мурун аныкталып, ээлерине эскертүү берилген, аталган көчөлөрдүн жанындагы каналдын жээгиндеги кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерди бузуп алып салууну, мыйзамдуулугун карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле Сулайман-Тоого чыгып, өтүп кеткендерге арнап куран окуду.