Ошто кышка чейин үйү бузулган 500 жаранга турак-жай берилет
Кечээ, 21-августта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы жаңы “Эне-Сай” конушуна барып, курулуш иштери менен таанышты. Аталган жаңы конушта ушул тапта 50 турак-жай курулууда. Жеринде 100гө жакын кызматкер иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар башчысы аталган жайда жумушчу күчүн дагы кошуп, турак-жайлардын санын көбөйтүп, курулушту тездетүүнү тапшырды. Мэр билдиргендей, сентябрдын аягына чейин 50 үй курулуп, жарандарга берилмекчи. Жыл аягына чейин 500гө жакын турак үйдү бүткөрүү планы коюлду. Бүткөн турак үйлөргө биринчи кезекте Ош көчөсүндөгү жана башка аймактагы үйү буздурулган жарандар көчүп кирет.