Ошто таза суу маселеси боюнча шаар мэри жыйын өткөрдү
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси боюнча Даңги участкасында жеринен көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, учурдагы абал жана аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.
Акыркы күндөрү жааган нөшөрлүү жаан-чачындан улам Папан суу сактагычындагы суунун булгануу деңгээли жогорулап, Зымырык-Сай жана Кызыл-Кыштак жылгаларынан сел суулары түшүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл сел жүрүү коркунучу өткөн жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге жогору бойдон калууда. Жыйындын жүрүшүндө шаарды таза суу менен туруктуу камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү чаралар талкууланды. Анын алкагында жалпы узундугу 2 чакырым 400 метр болгон жаңы суу түтүгүн тартуу иштери тездетилип, объектти эгемендүүлүк күнүнө чейин пайдаланууга берүү тапшырмасы коюлду.
Ошондой эле келечекте мындай кырдаалдардын алдын алуу жана таза суунун туруктуу запасын түзүү максатында шаар аймагында 5 суу кампасын жана 10 жаңы скважинаны куруу пландалууда. Бул долбоорлор ишке ашырылгандан кийин Ош шаарынын калкы сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот.