Ошто таза суу маселеси кантип чечилет? Жанар Акаевдин жообу
Акыркы күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады. ӨКМдин маалыматына ылайык, быйылкы жылы сел жүрүү коркунучу жылдагыдан 4 эсеге жогору болуп, Папан суу сактагычы булганып, Зымырык-Сай жана Кызыл-Кыштак жылгаларынан катуу сел түшүп, суу булактары ылайланды.
Түзүлгөн кырдаал боюнча Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундарына кайрылып, абалды жөнгө салуу үчүн кечиктирилгис чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Ал былтыр, тактап айтканда 2025-жылы аяктоосу пландалган 2 чакырым 400 метр суу түтүгүн тартуу иштерине каражат бөлүнүп, Эгемендүүлүк күнүнө чейин пайдаланууга берүү милдети коюлду. Ошондой эле келечекте мындай абал кайталанбашы үчүн шаар аймагына 5 суу кампасы жана 10 скважина курулат. Бул долбоорлор шаарды таза суу менен туруктуу камсыз кылууга багытталган. Мэр бул күндөрү Улуу Британияда иш сапары менен жүрүп, шаарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн гранттык жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды тартуу, ошондой эле экологиялык таза электробустарды сатып алуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн маалымдады.
Ош шаарынын мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, суу менен камсыздоо маселеси толук көзөмөлгө алынганын билдирет. Абалды турукташтыруу боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.