Abank july
SerepTV Logo

"Өсүмдүктүн тамырына барышкан". Депутат чек арада каза болгон эки кыргызстандык тууралуу маалымат берди

"Өсүмдүктүн тамырына барышкан". Депутат чек арада каза болгон эки кыргызстандык тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жайлообай Нышанов кыргыз-өзбек чек арасында Өзбек чек арачылары тарабынан атып өлтүрүлгөн Кыргызстандын 2 жараны боюнча маалымат берди. "Чаткал районунда жагымсыз окуя катталды. Биздин 1997, 2002-жылы туулган жарандарыбыз 11 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан. 1-сентябрда жансыз денеси келди. Алар 21-август күнү үйүнөн чыгып кетишкен. Демаркация иштери жүргүзүлбөгөн тоолуу аймакта чек араны байкабай кесип кетишкен. Булар сейрек кездешүүчү, Кызыл китепте кирген өсүмдүккө барышкан. Анын тамыры 2020-жылдан баштап 300дөн 1000 сомго чейин чыкты. Аны чет өлкөлүктөр алат экен. Эндикти казабыз деп барышкан. Ушуну токтотолу. Жаратылыштын да ээси бар", - деди депутат.