Өткөн жылы шаар бюджетине эмне иштер аткарылды? Мэрия төмөнкүчө тизмектеди.
2024-жылы борбордун бюджети мэрия тарабынан бекитилип, 32,6 миллиард сомду түзгөн. Жыл ичинде шаар үчүн маанилүү жана ири долбоорлор ишке ашырылды. Алар:
— 15 жылдан бери сөз болуп, аткарылбай келе жаткан таштанды заводу курула башталды;
— Эски “Ак-Кула” ипподромунун ордуна заманбап турак-жай, бизнес комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн Вьетнам компаниясы менен келишим түзүлдү;
— Турак жай коммуналдык чарба тармагына дагы инвестициялар тартылып, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн атайын техникалар алынды;
— Ала -Тоо аянты реконструкцияланды;
— Бийиктиги 100 метрге жеткен туу сап орнотулуп, желегибиз желбиреди.
— “Алга” республикалык дене тарбия жана спорт борборунун ордуна ФИФА стандарттары боюнча стадион курулуп жатат. Д. Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасы кайрадан жандандыруу иштери башталды;
— Билим берүү тармагында 10 бала бакча, 4 объект билим берүү мекемеси курулуп, оңдолду;
— Үй бүлөлүк медицина борборлор курулуп, акырындык менен ачылууда;
— Жаңы автобустар келди.