14-июлда Өзгөн шаарынын тургуну Азодахан Акматжан кызы 3 эм уулду жарыкка алып келди. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ымыркайларга Мухаммад, Абубакир жана Умар деген ысым беришкен.
«Бул кубанычтуу окуяга байланыштуу Өзгөн шаарынын мэри Элдос Таевдин тапшырмасына ылайык мэрдин орун басары эне жана наристелерге барып, расмий куттуктоосун билдирди. Колдоо катары акчалай сыйлык берилип, үй-бүлөгө бекем ден соолук, ынтымак жана бакубат жашоо каалады»,- деп айтылат маалыматта.