Өзгөндө депутат Улугбек Ормоновдун демилгеси менен салттуу спорттук мелдеш өттү.
«Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормоновдун демилгеси менен Өзгөн шаарында салттуу спорттук мелдештер өттү. Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналган турнир бул жолу жаңыдан реконструкцияланып, салтанаттуу түрдө ачылган борбордук спорт комплексинде өткөрүлдү.
Ага Өзгөн шаары баш болгон 12 айыл өкмөттүн жана айрым мекеме-ишканалардын командалары катышып, футбол, волейбол, шахмат, кол күрөш, таяк тартыш, ордо сыяктуу спорт түрлөрүнөн күч сынашты.
Депутат Улугбек Ормонов өз сөзүндө иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп: «Аталган мелдештер 20 жылдан бери салттуу түрдө уюштурулуп келет. Бирок стадиондогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу акыркы эки жылдан бери токтоп турган. Эми минтип жаңыланган спорт комплексинде кайрадан жанданды. Буга кошумча байге фондун да эки эсеге көбөйттүк. Мурда май айында өтүп келсе, мындан ары Эгемендүүлүн майрамын утурлай өткөрөлү деп ниеттенип жатабыз», — деди.
Ошондой эле мындай саамалыктар сергек жашоо образын калыптандырып, жаштарды спортко шыктандырарын белгилеген эл өкүлү бардык жеңүүчүлөрдү куттуктап, айылдан чыккан жаш таланттар дүйнөлүк ареналарга чейин жетсин деген тилегин билдирди.









