Өткөн жылдын 23-декабрында Өзгөн шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 3 жашар бала чарчап калган. ӨКМ маалымат таратып, дагы 3 адам ооруканага жеткирилгенин билдирген. Редакцияга үйдө чоң эне 3 небереси менен болгону маалым болгон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өрттөн жабыркагандардын абалын билүү үчүн Өзгөн жалпы дарыгерлик практикалык борборуна байланышканыбызда өрттөн жабыркаган аялдын абалы оор экендигин, реанимацияда жатканын айтышкан.
25-декабрда аялды Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына которушкан. Бүгүн, 7-январда аталган ооруканага байланышканыбызда аял 31-декабрда каза болуп калганын билдиришти.
«Биздин ооруканага оор абалда 25-декабрда келип түшкөн. Денесинин 60 пайызы күйгөн. Дем алуу органдары да ууланган болчу. Аял реанимацияда жатып, өзүнө келбей 31-декабрда кайтыш болду», — деди оорукананын жетекчиси Атабек Жумалиев.