Ишемби, 24.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Парижге батамды берип узаткам». Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу кептерге жооп берди

10:39 05.08.2024
0
«Парижге батамды берип узаткам». Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу кептерге жооп берди

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу ал тууралуу кеп кылгандарга жооп кайтарды.

«Мен жөнөкөй эле карапайым калктын ичинде жашаган машыктыруучумун. Мен өз кесибимди жана өз мекенимди жан дилим менен сүйгөн инсанмын десем жаңылышпайм! Көп жылдардан бери көптөгөн чемпиондорду таптап өстүрүп, Кыргызстаныбыздын атын дүйнөгө таанытып келе жатам жана келечекте да ошол ишимди жан дилим менен аткарып келе берем. 

Кечээ күндөн бери менин окуучум Сейитбек уулу Мунарбектин бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыгышына кубанган видео аябай таркап кетип, мен ушул күндү 20 жылдан бери арзуу кылып келе жаткан күнүм орундалып жатат деп сүйүнгөнүмдөн ошондой эмоция менен сүйүнүчтүн көз жашы менен коштолгон видео болуп калды.

Менин ичимде болгон кубанычымды сиздер тең бөлүшкөнүңөр үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Эми мени Парижге барсын деп жатасыздар. Мен да баргым келди, бирок Парижге жөн эле билет алып бара албайт экенсиң. Виза алуу маселесинде жок дегенде бир жума убакыт кетет экен. Билесиздер бир жумадан кийин Париж Олимпиадасы да бүтүп калат.

Биз мурдагы жылы Ташкентте болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунда бокс боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта биринчи жолу 5 таймашуу өткөрүп, коло медаль утуп алганыбызда бизди кубандырып мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров, ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев биздин жеңишибизди куттукташып, окуучум Сейитбек уулу Мунарбекке Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирди белеке беришип, мага да сыйлыктарын беришип, бизге аябай чоң дем берген.

Ошол үчүн Садыр Жапаровко жана Камчыбек Ташиевге терең ыраазычылыгымды билдирем жана рахматымды айтам. Албетте, мындай чоң иш-чараларга ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары барса жакшы болмок, себеби жеке машыктыруучу өзүнүн окуучусун беш колундай билген инсан болот. Тилекке каршы, кээде өзүңдүн окуучуңдун таймашуусун телевизордон көрүп олтурууга туура келет экен. Бул маселени кийинчерээк Улуттук олимпиада комитети эске алат жана чечет деген ишеничтемин.

Анан да, мени менен сүйлөшпөй туруп, мени билип билбей туруп, мени каралаганга да өтүп кетишиптир. Аларга айтаарым Мунарбек менин окуучум, 2004-жылдан бери машыктырып ушул күнгө жеттик. Парижге кетип жатканда ак батамды берип узаткам. Мени менен сүйлөшпөй туруп мени жаман атты кылган адамдар силерге айтаарым, Жараткан ыйман, ынсап берген болсун!

Биздин бокс федерациябыз да акыркы жылдары алгылыктуу иштерди кылууда. Алар колдон келишинче мушкерлерге жардамын берип жатышат аларга да рахмат», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Автор Гүлжамал Абылкасымова
14:48 23.01.2026
0

2025-жылдын 23-январында Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. 2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда...

«Жылдын мыкты мугалими» аталган Элзат Асановага батир берилди

«Жылдын мыкты мугалими» аталган Элзат Асановага батир берилди

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:35 22.01.2026
0

21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды....

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:58 21.01.2026
0

2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:23 21.01.2026
2

Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...

Курулуш объектисиндеги кемчиликтер үчүн 2 инспектор иштен алынды

Курулуш объектисиндеги кемчиликтер үчүн 2 инспектор иштен алынды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:02 20.01.2026
0

19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү