Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өздөрүн таратуу боюнча чечим кабыл алды. Бул сунушту 32 депутаттан турган демилгелүү топ жарыялаган. Катталган 89 депутаттын ичинен 84 депутат «макул» деп добуш беришти.
Добуш берүү аяктаган соң, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөдү. «Эмки шайлоо 30-ноябрга белгиленет. Шайлоону болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө бел байлашыбыз керек. Буга баарыбыз аракет кылалы. Ким добуш сатып алам десе, катуу жазаланат. «Бата алыптыр» деген сөздөр жалган. Президент да, төрага да, УКМК башчысы да бата бербейт. Батаны эл берет», — деди ал.











