Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Кожошев Чынгыз Эргешбаевичке сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.
Тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.
16-июлда Жалал-Абадда ЖАМКтын Күзөт жана коштоо департаментинин жоокери жанын кыйган. Акыйкатчы институту 20 жаштагы жоокер өлүм алдында кат калтырып кеткенин билдирген. Маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган.











