Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Президент мугалимдердин маянасы дагы көтөрүлөрүн айтты

18:19 30.08.2025
0
Президент мугалимдердин маянасы дагы көтөрүлөрүн айтты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи. “Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча имаратка муктаждарына жаңы корпустарды салып берип оңдоп жатабыз”, — деп белгиледи ал. Президент мындай камкордук Нышанбай Алыкулов атындагы мектепке да көрсөтүлгөнүн белгиледи. Мектептин жаңы имараты заман талаптарына жооп берет, балдардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мурда мектептин имараты эки корпустан турган. 1890-жылы имараттардын бири 10 бөлмөгө ылайыкталып курулган. 1928-жылдан баштап ал кайрадан жабдылып, 10 класстык бөлмөсү бар мектеп катары колдонула баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш материалдары көп жылдык пайдалануудан улам эскирип кеткени аныкталган: пайдубалы чөгүп кеткен, ал эми негизги дубалдарда жаракалар пайда болгон, ошондуктан мектептин жаңы имаратын куруу чечими кабыл алынган. Президент өз сөзүндө мугалимдер жана жергиликтүү тургундар үчүн маалымат иретинде билим берүү системасындагы айрым жаңылыктар менен бөлүштү.

“Азыр дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнөдө технологиялар укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүп жатканын баарыбыз көрүп-билип жатабыз. Ошондуктан дүйнө агымынан артта калбай, эң оболу билим берүүнүн түзүмү гана эмес, мазмуну да өзгөртүүгө бел байладык. 12 жылдык билим берүү системасына 150дөн ашуу өлкө өтүптүр. Демек, натыйжалуу система. Биз дагы бул системаны дыкат иликтеп, өзүбүзгө ыңгайлаштыруу менен дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек”, — деди мамлекет башчысы. Ал ошондой эле билим берүү системасын ар тараптуу өзгөртүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана алдыңкы билим берүү технологияларын киргизүүгө багытталган улуттук «Алтын Казык» программасы тууралуу айтты. Мамлекет башчысы билим берүүнү санариптештирүү багытында компьютердик техникалар сатып алынып, 27 миңден ашык ноутбук даярдалып, мугалимдерге таратылып берилгенин билдирди. Жакынкы окуу жылына карата математика, табият таануу жана англис тили боюнча жаңы окуу китептери даярдалып жатат. Мындан тышкары ал эгемендигибиздин 34 жылдыгына карата 100 социалдык обьекти, анын ичинде билим берүү мекемелери ачылып, пайдаланууга берилгенин белгиледи.

“Мугалимдердин орду эбегейсиз зор болору талашсыз. Көз майын коротуп, бүткүл дитин балдарга бурган мугалимдерибиздин эмгегин баалоого милдеттүүбүз. Эмгек акыңыздарды дагы көтөрөбүз. Биз сиздердин маянаңыздарды заман талабына ылайыктоонун аракетиндебиз”, — деп баса белгиледи президент. Ошону менен бирге ал келечек муунду тарбиялоо жана окутуу милдети бир гана мектепке жүктөлбөш керектигин баса белгиледи. Ата-энелер өздөрүнүн бийик жоопкерчилигин сезиши кажет. Алардын өздөрү да билимдүү, маданияттуу, үлгүлүү болушу абдан маанилүү.

“Мектеп — бул билимдин башаты, адамдык нарктын түптөлгөн жайы. Ал мамлекеттин эртеңки күнүн аныктап, келечектин пайдубалын түптөгөн касиеттүү очок болуп эсептелет”, — деди мамлекет башчысы. Садыр Жапаров окуучуларга алардын оргуштаган билимге, улуттук дем-күчкө тунуп турушун, жалпы мугалимдер жамаатына албан-албан ийгиликтерди жана жаңы мектептин багыт алган жолу байсалдуу болушун каалады. Соңунда президент жаңы мектептин имаратын, анын ичинде окуу класстарын, спорттук жана жыйындар залдарын, ашкана жана башка бөлмөлөрдү көрүп чыкты.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:39 26.03.2026
0

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Кечээ, 25-мартта 71 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов...

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:58 25.03.2026
0

"Айт арапасында Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен» деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе,...

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:10 24.03.2026
1

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:28 24.03.2026
0

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты...

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:05 24.03.2026
1

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү