Соцтармакта Жеңишбек Токторбаевдин LiXiang L9 үлгүсүндөгү унаага отурган видеосу тарады. ЖМКлар Ош шаарынын мэриясы маалыматты тастыктаганын жазышкан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов менен байланышканыбызда, анда мындай маалымат жок экенин айтты.
Эске салсак, Токторбаев этика ченемдерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн 16-сентябрда президенттен катуу сөгүш алган. Буга чейин Камчыбек Ташиев да Токторбаевге президенттин атынан деп унаа белек кылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











