Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы мамлекеттик турак жай программасына жеңилдетилген кредит боюнча мыйзамга кол койду.
Макулдашууга ушул жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган. Ага ылайык “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасы үчүн Сауд Арабия шариат стандарттары боюнча Кыргызстанга 79 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берет.
Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосун Финансы министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасы алат, Экономика жана коммерция министрлиги аткаруучу агенттик, ал эми долбоорду ишке ашыруучу уюму “Мамлекеттик ипотекалык компания” болот. “МИК” тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылынат жана андан ары сатып алуу менен ижарага берүү үчүн өлкөнүн бардык региондорунда жеткиликтүү турак жайдын курулушун, ошондой эле аталган Программанын алкагында жарандар үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотека берүүнү каржылайт.