Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-январда Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын ачылыш аземине катышты.
“Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын 65 пайызы илимий даражалары жана наамдары бар окутуучулардан турарын маалымдашты. Ошондой эле окутуу процессине укук коргоо органдарында иштеп жаткан тажрыйбалуу кызматкерлер да тартылмакчы”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү 1-курстун студенттери ушул окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрү болушарын, аларда чоң жоопкерчилик тураарын эскертип өттү.