Шейшемби, 23.09.2025
Бишкек booked.net
+12...+17° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Президент Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата кайрылуу жасады

09:19 06.02.2025
0
Президент Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Жыл сайын февраль айынын биринчи бейшембисинде дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү белгиленет. Бул күн мындан 20 жыл мурун Будапештте шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары бекитилген.

Шайлоо – бул ар бир жаран өз келечеги менен өз өлкөсүнүн тагдырына таасир эте турган маанилүү процесс. Шайлоо аркылуу өлкөнү башкаруу укугу ишенип берилген бийлик органдары түзүлөт.

Кыргызстан адилеттүү жана эркин шайлоосуз саясий стабилдүүлүк жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эместигин түшүнүү менен демократиялык шайлоо стандарттарын бекем карманат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында эркин демократиялык шайлоонун бардык маанилүү принциптери чагылдырылган. Баш мыйзамыбыздын алгачкы беренесинде “эл мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана шайлоолор, референдумдар аркылуу өз эркин ишке ашырат” деп белгиленген.

Соңку жылдары өлкөбүздө шайлоо процессинин бардык негизги жагдайларын камтыган масштабдуу шайлоо реформасы жүргүзүлүп жатат. Реформанын алкагында шайлоочуларды каттоо жана биометрикалык идентификациялоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн тактыгын, ачык-айкындуулугун жана шайлоонун натыйжаларына коомдук көзөмөлдү камсыз кылуунун заманбап технологиялары киргизилип, мыйзамдуулукту жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү.

Кыргызстандын шайлоо практикасы эл аралык деңгээлде жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу боюнча алдынкы тажрыйба катары таанылгандыгы абдан кубанычтуу. Ошол эле учурда татыктуу талапкерлерди таза жана калыс тандоого мамлекеттин гана эмес, шайлоонун бардык катышуучуларынын чогуу-чаран аракет кылышы абдан маанилүү. Мен бул багытта эки жагдайды белгилей кетмекчимин:

1. Кыргызстанда бардык тармакта коррупцияга каршы саясат жүргүзүлүүдө. Коррупциянын кейиштүү көрүнүштөрүнүн бири – бул шайлоодо добуштарды сатып алуу. Добуштарды сатып алуу менен эртеңки кызмат адамынын шайлоо учурунан баштап эле коррупцияга белчесинен батышына негиз түзүлөт.

Көрүлгөн мыйзамдык чаралардын жана укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын аракеттеринин аркасында соңку мезгилде шайлоочулардын добушун сатып алуу деңгээли кыйла төмөндөдү. Бирок добуш сатып алуу аракеттерине каршы жарандардын өздөрүнүн келишпес позициясы, албетте, эң күчтүү жана таасирдүү курал болмок. Мына ушундай позиция гана добуштарды сатып алууну толугу менен жок кыла алат. Тынымсыз аракеттерибиз менен биз буга да жетишебиз деп ишенем.

2. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган иш билги, абийирдүү талапкерлерди шайлоо үчүн жарандардын шайлоого активдүү катышуусу маанилүү. Жүргүзүлүп жаткан реформанын аркасында добуш берүүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө жарандардын ар бир добушу так эсепке алынып, ким депутат, же президент болорун шайлоочулардын өздөрү аныктап жатат. “Ар бир жарандын добушу маанилүү, ал өлкөнүн өнүгүшүнө таасир эте алат” деген тезис Кыргызстанда реалдуу мазмунга ээ!

Шайлоо маалында шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгон учурда бийликке келүүнү кѳздѳгѳндѳрдүн ѳзүнүн тарапташтарынын чакан тобун ишке тартуу менен, шайлоочуларды адаштырып-жазгырып жеке кызыкчылыктары үчүн “жеңил” өтүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондуктан жарандар активдүү катышып, татыктууларды тандоо аркылуу шайлануучу органдардын сапаттык курамына таасир эте турган ѳздѳрүнүн укуктарын жүзѳгѳ ашырышы маанилүү!

Ардактуу кыргызстандыктар!

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Административдик-аймактык реформага байланыштуу ѳткѳрүлгөн жергиликтүү шайлоолор ѳзгѳчѳ актуалдуу жана маанилүү болду. Шайлоо аркылуу жер-жерлерде жарандардын кызыкчылыгында натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү өкүлчүлүктүү органдардын системасы оптималдаштырылды.

Ошентип биз мурда убада кылгандай, жергиликтүү кеңештерге жигердүү, жоопкерчиликтүү жана татыктуу депутаттардын келүүсү үчүн шайлоону ачык-айкын жана эркин өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү.

Эми жергиликтүү кеңештердин жаңы чакырылыштагы депутаттарынын алдында жакынкы 5 жылда жергиликтүү өнүгүүнүн эң орчундуу маселелерин чечүүдө чоң милдеттер турат. Бул үчүн жарандардын пикирлерин жана суроо-талаптарын эске алуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын биргелешкен иштерин уюштуруу зарыл.

Андыктан, билекти бек түрүп, баарыбыздын жалпы ишибизди – жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууну жана аймактарды өнүктүрүүнү жана жаңы, өнүккөн Кыргызстанды курууну колго алышыбыз керек!

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо аткарган иштери үчүн шайлоо комиссияларынын тутумунун бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мыйзамга жана демократиялык шайлоо принциптерине берилгендигин көрсөтүштү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бардык деңгээлдеги шайлоолордун жаңы циклинин башталышын шарттады. Эми 2026-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо өткѳнү турат. Бул шайлоолор бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен, таза атаандаштыктын жана мыйзамдуулуктун шартында өтүшү керек. Элдин эрки Кыргызстандын өнүгүүсүндѳ чечүүчү фактор болуп келгенин жана болуп кала берерин, ал эми эркин жана таза шайлоо демократиянын жана мамлекеттүүлүктүн негизи экенин эстен чыгарбоо зарыл!

Шайлоо комиссияларынын жамааты бардык кызыкдар органдар жана уюмдар менен биргеликте, алдыдагы шайлоо циклинин бардык иш-чараларын татыктуу уюштуруу үчүн бүт күч-аракетин жумшаарына ишенем.

Борбордук, аймактык жана тилкелик шайлоо комиссияларынын урматтуу мүчөлөрү!

Сиздерди бүгүнкү маанилүү майрам – Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

Өз ишмердигиңиздер менен шайлоо процесстеринин таза жана мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылуунун, жарандардын өз пикирин эркин билдирүү укугун коргоонун алдынкы сабында  турасыздар.

Атуулдук парзыңыздар жана өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, калыс жана бекем принциптериңиздер Кыргызстанда таза жана ачык шайлоонун өтүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат!

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык, ийгилик жана байгерчилик каалайм!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
18:01 22.09.2025
0

Эртең, 23-сентябрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл, Нарын...

Нарында 30 метрлик шаурма жасалды

Нарында 30 метрлик шаурма жасалды

Автор Эдита Ильясова
17:32 22.09.2025
0

Нарында 30 метрлик шаурма жасалды.  Аны даярдоого 25 килограмм эт, 70 лаваш жана 20 килограмм картошка фри колдонулган. Жергиликтүү тез...

Бишкек – Токмок – Бишкек багыты боюнча убактылуу автобустар жүрө баштады

Бишкек – Токмок – Бишкек багыты боюнча убактылуу автобустар жүрө баштады

Автор Эдита Ильясова
17:01 22.09.2025
0

20-сентябрдан тарта Бишкек-Токмок-Бишкек каттамында Бишкек шаарынын муниципалдык автобустары убактылуу иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул убактылуу каттам Токмоктон Бишкекке...

Эртеңден тартып өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

Эртеңден тартып өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

Автор Эдита Ильясова
15:35 22.09.2025
0

23-сентябрь күнү жана 24-сентябрга караган түнү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт, тоо кыркаларында кар...

1-октябрдан тарта мыйзамдаштырылбаган чет өлкөлүк номурлуу унаалар өлкөдөн чыгарылышы керек

1-октябрдан тарта мыйзамдаштырылбаган чет өлкөлүк номурлуу унаалар өлкөдөн чыгарылышы керек

Автор Эдита Ильясова
15:20 22.09.2025
0

Учурда 13 миң чет элдик номурлуу унаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурдин Самбаев билдирди. Анын айтымында, 1-октябрдан...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Айлык акы жогору». Бишкекте кыздарды сойкулукка тартууга шектүү кармалды

"Айлык акы жогору". Бишкекте кыздарды сойкулукка тартууга шектүү кармалды

16:13 22.09.2025
Чүйдө унаасын бейиттин үстүнө токтоткон айдоочу талкуу жаратты

Чүйдө унаасын бейиттин үстүнө токтоткон айдоочу талкуу жаратты

12:37 22.09.2025
Ошто аттракциондон кулаган кыз көз жумду

Ошто аттракциондон кулаган кыз көз жумду

12:49 22.09.2025
23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:01 22.09.2025
Нарында 30 метрлик шаурма жасалды

Нарында 30 метрлик шаурма жасалды

17:32 22.09.2025
Бишкек – Токмок – Бишкек багыты боюнча убактылуу автобустар жүрө баштады

Бишкек – Токмок – Бишкек багыты боюнча убактылуу автобустар жүрө баштады

17:01 22.09.2025

АРХИВ

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
« Авг    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү