Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат өлкө башчысынын телеграммасында.