Abank july
SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууда

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта “Бишкек Арена” стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууда. Салтанаттуу иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары да катышууда.

Алардын катарында Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бар.

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова жогорку даражалуу конокторду тосуп алышты, андан соң биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү.

SEREP MEDIA