Буга чейин социалдык тармактарда төртүнчү класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Президент Садыр Жапаров да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалап, президенттик балатыга чакырган. 17-декабрда жеке өзү ага белектерди тапшырган.
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды
1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...












