Президенттик балатыга кимдер катыша ала тургандыгын президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.
«Учурунда жалаң эле чиновниктердин же кызматтагылардын туугандары, тааныштарынын балдары катышчу экен. Муну байкаган президентибиз Садыр Жапаров, эки жылдан бери «катышуучулардын тизмесин түзүүнү көзөмөл кылгыла» деп тапшырма берген. Ошондон бери, президенттик балатыга спорттук ийгиликтери бар, жакшы окуган, алыскы аймактардан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же өзгөчө айырмаланган активдүү балдардан тандалып жатат», — деп жазган Орунбеков.
Ошондой эле ал президенттик балатыга балдарын катыштыруу боюнча жеке кайрылуулар келип жатканын айтып, мурда президенттик балатыга жалаң эле чиновниктердин же кызматтагылардын туугандары катышып келгенин эске салган.
Ашимов Уларбек Уланбекович менин балам президентский балатыга катышку кыялы.Сабакты жакшы окууйт.Отто аракетчил бала.