Президенттин фотографы Султан Досалиев социалдык тармактагы баракчасына Монголиянын президенти менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, президент Садыр Жапаровдун Монголиядагы иш сапары учурунда ал кызыктуу, унутулбай турган окуяга күбө болгонун жазды.
«Үч күн бою бул иш-чараны уюштурууга жана чагылдырууга катышкандардын баары чындыгында чыңалган режимде күнү-түнү иштешти. Бардык пландаштырылган иш-чаралар аяктагандан кийин Монголиянын президенти мамлекет башчыбызды узатты. Ошол убакытта кичине тыным болуп калды. Ошондо Монголиянын президенти мени байкап калып “Фотографтар дайыма сүрөтсүз калышат” деп, күтүүсүз жерден чогуу сүрөткө түшүүгө чакырды. Өлкө президенттеринин мени менен биринчи жолу сүрөткө түшкөнү болду. Бул жөнөкөй нерсе менен ал дароо үч жумушчу күндөгү чарчоону басты. Ушундай жагымдуу билдирүү менен менин мамлекеттик сапарды чагылдыруу боюнча жөнөкөй миссиям аяктады», — деп жазды ал.