Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында берилип жаткан ипотекалык үйлөр боюнча жалпы маалымат берип, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө батир берилип бүткөнүн, эми мындан ары электрондук тизме менен гана берилерин билдирди.
«Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө батир берип бүттү, эми мындан ары электрондук тизме менен гана берилет. Туура түшүнүңүздөр мурда “Социалдык ипотека” деген түшүнүк жок болгон. Анын ордуна Министрлер кабинетинин чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарыбызга артыкчылык берилген, бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер. Биз аларды аттап өтө албайбыз.
Учурга карата, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдө 510 батирдин курулушу аяктап, үй-бүлөлөр үчүн 1 бөлмөлүү 306, 3 бөлмөлүү 204 батир даяр болду. Курулуштун жалпы аянты 37 292 м², ал эми сметалык баасы 2 миллиард сомдон ашык.
Батирлер төмөнкү категориялар боюнча берилет:
* МИКке катталган кезектеги жарандар;
* Мигранттарды да камтыган жарандар, алгачкы 50% төлөө шартында үлүштүү ипотека негизинде;
* Биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча (ушуну менен бул тизмедегилер бүттү).
Дагы бир жолу айтсак, мындан ары батирлер электрондук тизме менен гана берилет.
Мигранттар 50% төлөшүп, ошол акчалар менен биз дагы бир чоң турак жай комплекси куруу мүмкүнчүлүгүн алдык, Маликов көчөсүндөгү турак-үйдү жазында муктаж болгондорго тапшырабыз. 2025-жылдын биринчи кварталында Маликов көчөсүнөн 476 батир ал эми Айтматов көчөсүөн 612 батир үй ээлерине тапшырылат»,- деп жазды ал.