Парацетамол – дене табын түшүрүүчү жана ооруну басаңдатуучу дары, бирок анын сезгенүүгө каршы таасир бербейт. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин фармкөзөмөлдөө жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова айтып берди.
Парацетамолду колдонуу боюнча негизги сунуштар:
Алкоголдук ичимдиктер менен айкалыштырууга болбойт – бул боорго таасирин тийгизет!
Дарылоонун узактыгы: дене табын түшүрүү каражаты катары 3 күндөн ашык эмес, ооруну басаңдатуу каражаты катары 5 күндөн ашык эмес колдонуу керек.
Белгиленген дозадан ашырбоо зарыл!
Парацетамолдун ашыкча дозасы боордун иштебей калышына алып келиши мүмкүн!
Парацетамолду, башка курамында парацетамол бар дарылар менен бир убакта колдонууга болбойт, бул ашыкча дозага алып келиши мүмкүн.
Дарыны 5 күндөн ашык колдонууда кандын жана боордун көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө керек.
Ашыкча дозанын белгилери:
• теринин кубаруусу;
• жүрөк айлануу, кусуу;
• ич ооруу;
Ашыкча дозадан улам боордун функциясынын бузулушунун симптомдору 12-48 сааттан кийин пайда болушу мүмкүн. Өтө ашыкча дозаны колдонгондо боордун жетишсиздиги: энцефалопатияга, комага, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ал эми курч бөйрөк жетишсиздигинен аритмия, панкреатит өөрчүшү мүмкүн.