Кыргызстандык спортчу, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев АКШдагы мелдеште чыккан чыр боюнча АКИpress редакциясына комментарий берди.
Түмөнбаевдин айтымында, бул мындан 4-5 ай мурун болгон. Беттешүүгө турнирдин катышуучуларынын бири Түмөнбаевди жана анын үй-бүлөсүн кемсинткени себеп болгон. Спортчу эч ким жабыркабаганын, чыр-чатактар жөнгө салынганын белгиледи. «Мен уюштуруп жаткан спорттук мелдеш башталмак. Бул видео турнир баштала электе эле таратыла баштаган. Менимче, алар муну атайын кылышты», — дейт Түмөнбаев.
Эртең, 16-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +16...+21, күндүз +32...+37; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16,...
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө күн күркүрөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жеткен...
Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу...
Баткен районунда 2 миң жыл мурда коюлган сөөктөр табылды. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти. "Баткен районунун Кызыл-Кошун-1 көрүстөнүндө мындан...