Дыйканчылык менен алектенген фермерлерден, багбандар Элдик банк менен Айыл банктан насыя ала албай жатышат. Бул тууралуу депутат Рустамбек уулу Советбек Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12-февралдагы жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, фермерлер март айында насыяны алганга жетишпей калышса, андан кийин насыя алуу максатсыз болот.
«Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында күн эртерээк жылыйт, билесиздер. Дыйкандар себүү, тигүү иштерин февралдын аягында башташат. Ошондуктан Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги ушул иштерди тездетип берсеңиздер», — деди Рустамбек уулу Советбек.











