Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рустамбек уулу Советбек курулуп бүткөн имараттарды пайдаланууга берүү актысын райондорго да ачуу зарылдыгын айтты.
«Курулган же ремонттон өткөн объекттин ишке киргизилгендигин, анын талаптарга жана стандарттарга ылайык экендигин тастыктаган расмий документ алуу үчүн жарандар райондордон атайын Ошко келишет. Эксплуатацияга өткөрүү актысын Ош облустук ГАСК (Ош облустук архитектуралык курулушту контролдоо башкармалыгына) берет. Ошол бир кагаз алуу үчүн алыскы аймактардан убара кылбай, ар бир райондорго да ачууну сунуштайм», — деди Рустамбек уулу Советбек.
Депутаттын сунушу боюнча Нурдан Орунтаев кагаз түрүндө толук маалымат берээрин билдирди.
Депутаттар бүгүн Нурдан Орунтаевдин талапкерлигин колдоп, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук беришти.