Сабак учурунда окуучулардын түз эфирде отурган видеосу кайсы мектепте тартылганы белгилүү болду

ТикТок социалдык тармагында мугалим сабак өтүп жаткан учурда түз эфирде отурган окуучулардын видеосу тарап, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып жатат. Видеодо окуучунун эжейин көзгө илбей, уят сөздөрдү сүйлөп жатканын угууга болот. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлигине кайрылганыбызда, териштирүү жүрүп жатканын айтышкан.

Министрликтен видеонун Бишкектеги №91 гимназияда тартылганын билдиришти.