Шейшемби, 10.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Бишкек полигонуна 1974-жылдан бери 20 миллион тоннадай таштанды топтолгон экен»

14:17 27.12.2025
0
Садыр Жапаров: «Бишкек полигонуна 1974-жылдан бери 20 миллион тоннадай таштанды топтолгон экен»

“Жаңы ишканаларды ачууга жана токтоп турган ишканаларыбызды жандандырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, инвесторлор тартылат”, — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун ачылышында.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Бир топ жылдардан бери борбор шаардын таштанды полигонунун маселеси – таштандыларды кайра иштетүү маселеси ар түрдүү себептер менен чечилбей келе жатканын жакшы билесиздер. Мынакей бүгүн, бул көйгөй чечилип, шаардыктардын тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду ачканы турабыз!

Шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилип, ошол бойдон тынымсыз иштөө менен бул жайга 20 миллион тоннадай таштанды топтолгон экен. Борбор шаарыбыздан күнүгө 1200дөн 1500 тоннага чейин таштанды, чыгарылып, албетте, шаардын экологиясына терс таасирин тийгизип келген. Бул көйгөй, бир топ жылдан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей, улам кийинки бийликке мурасталып келе жаткан. Маселени чечүү үчүн башка мамлекеттердин таштанды калдыктарын кайра иштетүү жана утилдештирүү тажрыйбалары кыйла изилденди. 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын делегациясы Кытайдын Чанша шаарына барып, узак убакыттан бери таштанды иштетүүчү «Хунань Цзюнсин» компаниясынын тажрыйбасы менен дагы таанышып келишкен.

Аталган компания узак убакыт бою катуу тиричилик калдыктарын комплекстүү кайра иштетүү, шаардагы саркынды сууларды, полигондордун чыпкаларын тазалоо боюнча иш жүргүзгөн, инвестиция жана курулуш, технологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу, ыкчам башкаруу сыяктуу ар кандай иш-аракеттердин түрлөрүн жүзөгө ашырган жогорку технологиялуу ишкана экендиги тууралуу маалымат беришкен. Натыйжада 2024-жылы Министрлер кабинети «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) менен Инвестициялык макулдашууга кол койгон.

Кудай буюрса, бүгүн биз ачып жаткан эко-технологиялык завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү биринчи ишкана болмокчу. Мындай заводдун курулушу менен борбор калаабыздын экологиялык абалы олуттуу түрдө жакшырат, жергиликтүү элди электр кубаты менен камсыздоо маселесине дагы салым кошот. Долбоорго багытталган инвестициянын жалпы суммасы 95 миллион АКШ долларын түзөрүн, заводдун курулушуна 12 гектар жер берилгендигин, бардык каражаттар инвестор тарабынан каржылангандыгын ачык-айкындуулук үчүн айта кетейин.

Буга чейин Европадан биздин мурдагы бийлик акча алып, бул жерге ушундай завод курабыз дешкен. Болгону тигил жакта турган жер кепени курган дагы 16 миллион еврону жеп коюшкан. Калган 6 миллион евро банкта сакталып калган экен. Биз азыр аны кайтарып берип жатабыз. Ага кошумча «жебеген самсага акча төлөгөндөй» 16 миллион евросун мэрия кайра Европага төлөп жатат. 22 миллион евро алып, 16 милионун жеп, 6 млн банкта калып калган. Биз аны сактап, үлгүрүп калдык. Аны кайтарып бердик, калган 16 млн еврону дагы төлөп жатабыз. Завод долбоордо көрсөтүлгөн 2 жылдык мөөнөттүн ордуна, 1,5 жылда курулуп бүттү. Бул долбоордун концессиялык мөөнөтү 35 жылды түзөт. Долбоор алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду. Салыштырмалуу айта турган болсок, бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө жана 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайтууга барабар. Азыркы этапта суткасына 1000 тонналык таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артат. Мына ушундай бир четинен таштандыны иштеткен, экинчи четинен элек кубатын өндүргөн заводдо жаңы жумуш орундары да түзүлөт.

Буюрса, бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу менен дал ушундай таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү завод Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да курулмакчы. Бул багытта аталган компания менен инвенстициялык келишим түзүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат. Сөзүмдүн соңунда ушул сыяктуу алгылыктуу иш-аракеттер улантыларын, жаңы ишканаларды ачууга жана токтоп турган ишканаларыбызды жандандырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, инвесторлор тартыларын, натыйжада Кыргызстаныбыз сөзсүз өнүгөрүн баса белгилейм.

Ошону менен катар, борбор шаарыбыздын узак убакыттан бери келаткан көйгөйүнүн чечилишине эрк көрсөтүп, аны колго алган эр-азаматтарыбызга, ошондой эле инвесторлорго ыраазычылык билдире кетейин. Ар бир кыргыз жаранын жаркын келечекке жетелеген, ой-тилектерин ишке ашырууга дем берген, баарын кучагын жая тосуп алган борбор калаабыз ар тарабынан өнүгө берсин! Көркүнө көрк кошулуп, күндөн күнгө кулпура берсин! Таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун ишмердиги ийгиликтүү болсун!

Урматтуу мекендештер, мынакей ушинтип, өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу таштандыны кайра иштетүүчү эле эмес, аны менен бирге, электр кубатын өндүрө турган заводго ээ болуп олтурабыз.

Мындан улам, 95 млн доллар инвестиция жумшап, чечилбей келаткан көйгөйүбүздү чечип, Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга салым кошкон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дай Даого мырзаны Кыргыз Республикасынын “Достук” ордени менен сыйлоо чечимин кабыл алдым”.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:11 10.02.2026
0

Кечээ, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин...

Чолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталды

Чолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:16 09.02.2026
0

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин эске алып, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында...

Милиция жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу эскертет

Милиция жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу эскертет

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:03 07.02.2026
0

7-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу...

Жогорку Кеңештин депутаттары жол кыймылынын эрежелери боюнча онлайн тест тапшырды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаттары жол кыймылынын эрежелери боюнча онлайн тест тапшырды (видео)

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:58 07.02.2026
0

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын жол кыймылынын эрежелери боюнча онлайн тест тапшырганы тууралуу видео жарыялады.

Орозо 19-февралда башталат

Орозо 19-февралда башталат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:09 06.02.2026
0

Орозо 19-февралда башталып, ушул күнү ооз бекилет. Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши чечим кабыл...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

09:11 10.02.2026
№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

09:11 10.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү