Шейшемби, 31.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: “Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем”

22:21 30.09.2025
0
Садыр Жапаров: “Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем”

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда элге кайрылуу жасады.

“25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин, мен бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнүн 30-ноябрга белгилеп, Жарлыкка кол койдум. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот. 

Биринчиден, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдиремин. Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар. Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр. Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну бизде өтөт. Кыскасын айтканда “Тогуз толгоо” бир келип атат. 

Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам. 

Эми кудай буюрса эки шайлоонун ортосу дайыма бир жарым жыл аралык менен өтүп турат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, ар бириңиздер өз керт башыңыздарды ойлобостон, эң туура чечим кабыл алдыңыздар. Биз башкаруу системасын иреттеп, түз жолго салып, саясий кризистерди жойдук, экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Эми келечекке узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү орнотушубуз керек эле. Мына эми узак мөөнөттүү стабилдүүлүк калыптанды десек болот. 

Эми, урматтуу эл-журт, кайрылуумдун мазмуну төмөнкүчө болмокчу: 

Көз карандысыздыкты алгандан кийин 30 жыл ичинде Кыргызстаныбызда 3 жолу төңкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыккан. 3 жолу мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анткени шайлоолор адилет өтчү эмес. Биринин добушун экинчисине кошуп, же болбосо аз добуш алган талапкердин добушун көбөйтүп, добуштарды сатып алып, айтор, бийлик башындагылар каалагандай шайлоолор өтүп келген. Азыр андай эски шайлоо системасын жок кылдык. Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти. Баары санариптешти. Азыр эми шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз. Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20:00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет. Андан сырткары, жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте кол менен дагы санап чыгышат. Ал бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып барып, кайрадан санап чыкса болот. 

Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан. Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар. Кыргызда “Оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген таасын айтылган сөз бар. Анын сыңарындай, шайлоонун шайтан оюндарынан 30 жылда 3 жолу төңкөрүш көргөн жаныбыз шайлоо системасын адам фактору аралашпагандай кылып толук санариптештирип, автоматташтырып салдык. Мен муну менен эмнени айткым келди. Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт”,- деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:54 31.03.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясы «Urban Hub Bishkek» тарабынан берилген 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин белгилейт. «Бишкек...

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:28 31.03.2026
0

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясында мэр Айбек Жунушалиев коомчулуктун жана депутаттардын көптөгөн пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен "Сүрөтчүлөр үйү"...

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:02 31.03.2026
0

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун маалымдайт. Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынан жогорку...

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:58 31.03.2026
0

2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130-146-чакырымдар (10 км)...

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:54 31.03.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти балаңызды белгилүү мектепке кабыл алуу максатында микроучасток боюнча жасалма каттоого (пропискага) жоопкерчилик бар экенин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

УКМКнын мурдагы төрагасы: “30 жыл Кыргызстанды көз каранды кылып келген паспорттук мафия жеңилди”

16:15 30.03.2026
Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

16:45 30.03.2026
Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

16:20 30.03.2026
Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

13:54 31.03.2026
Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

13:39 31.03.2026
Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Бишкектин мэри: "Сүрөтчүлөр үйү" мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет"

13:28 31.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү