Жекшемби, 26.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтында элге эмне деп сүйлөдү?

12:13 21.03.2023
0
Нооруз: «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык атмосфера (сүрөттөр)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деди:

“Өткөн жылы дал ушул көктөм майрамын өрүкзарлуу Баткенде белгилеп, мекен чеги башталган бул өрөөндүн өсүп-өнүгүшүнө тилектерибизди айткан элек. Чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоону улуттук эң башкы маселелердин бири катары белгилейбиз.

Бүгүнкү күндө чек ара аймагындагы элибиздин социалдык көйгөйлөрүн чекесинен чечип келе жатабыз. “Баткен өнүксө, мамлекет өнүгөт!” деп Баткенде айтылган тилектерде кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз деп сөз бергенбиз. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз!

Биз, баарыбыз жаратылыштын жанданышы менен алдыбызга жаңы максаттарды коёбуз, жыл соңуна чейин бир катар иш-чараларды мерчемдейбиз, алардын аткарылышын Жараткандан суранабыз. Бул берекелүү майрам күнү ата-бабаларыбыз соко менен бороз салып, үрөн сээп, жылыбыз жакшылыктардын: токчулуктун, молчулуктун, тынчтыктын жылы болушун Жараткандан тилеп келишкен. Дегеле Нооруз майрамы илгери үмүт, айкын максат, талбаган эмгек жана бекем ынтымактын ажырагыс биримдигин айкалыштырып тургандай…

Улустун улуу күнүндө биз дагы ата-баба жолун улап, “кыштын камын жазда көр” демекчи, жаз жарыш маалында кайсы тармакта иштебейли, жапа тырмак талбай мээнет кылууга чакырат элем. Бүгүнкү күндө мезгил, дүйнөдөгү шарт-жагдай ыкчам кабылдоону, ыкчам чечим кабыл алууну, ыкчам аракет көрүүнү талап кылууда.

Буга чейин, тилекке каршы, коомубузда чоң-кичине, кары-жаш дебей ар ким өз милдетин кылбай, өлкөнүн саясаты менен көбүрөөк алектенип, улуттук экономика жаатындагы маселелерге кош көңүл мамиле жасалып, маани берилбей калган. Кокту-колот, уруу-урук, жердешчилик, тааныш-билиш саясаты коомчулуктун баш оорусуна айланган. Ар бир жаңы келген жетекчи өлкөнүн өнүгүшүн кечеңдеткен жагдайларга өздөрүнө чейинкилерди шылтоо кылмай адат болуп калган. Биз мындайды токтотушубуз керек! Булардын баары өнүгүүгө кедергисин тийгизип, азыркыга чейин анын кесепеттерин тартып келебиз.

Эми учур башка. Заман ыкчам өнүгүп, дүйнө өлкөлөрүнүн алдында жаңы талаптар, жаңы чакырыктар коюлууда. Мындай өзгөрүүлөрдүн фонунда Кыргызстан бир силкинип, жаңыча ойлонууга, жаңы көз караштарды калыптандырууга умтулушу абзел!

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 2 жылдан бери өлкөбүздө бекем ынтымагыбыз, жапырт аракетибиз менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат. Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот. Көчүбүз, буюрса, бара-бара дагы да түзөлөт. Биз өлкө жетекчилиги эл ишеним артып берген милдеттердин өтөөсүнө чыгууга тийишпиз!

Өлкөнүн коомдук, саясий, социалдык жана экономикалык турмушунда келечек муундар тарабынан туура баалана турган көптөгөн мыкты жөрөлгөлөр менен жакшы саамалыктар жаралууда.

Жогоруда белгилегенимдей, жер жүзү табияттын ар кандай апаат-кырсыктарына кабылып, ири аскерий конфликттер чыгып, дүйнөлүк экономикада олку-солкулуктар болуп, алардын таасири төгөрөктүн төрт бурчуна тараган маал. Мунун кесепети бизге да жетип, баалар эселеп өстү. Мындай шартта өнүгүү кадамдарын жети өлчөп, бир кесип, ошол эле маалда ыкчамдатып жасоо оңойго турбастыгы белгилүү. Ошентсе да биз социалдык багытта, мамлекеттик кызматтарда иштегендердин эмгек акыларын көтөрүүгө жетиштик. Баарыбызга белгилүү себептер менен социалдык көйгөйлөрдөн дагы өлкөнүн бүтүндүгү биринчи орунга чыккан коопсуздук маселесинен улам, коргонуу жаатында бир топ иш-аракеттерди жасоого үлгүрдүк. Миллиарддаган каражаттарга заманбап аскерий техникаларды сатып алдык.

Бүгүнкү күндө кайсы мамлекетти албайлык, тышкы дүйнө менен карым-катнаш түзбөстөн, өз алдынча өсүп-өнүгүп кетүүсү кыйын. Мындай шартта эң алды эл аралык коомчулукта өнөктөштүк, достук мамилелерди калыптандыруу зарыл. Биз стратегиялык өнөктөштөрдү күтүп, тарапташ жана дос өлкөлөрдү таап, алар менен кызматташуу процессин жолго койдук.

Андан кийинки эле аракеттер катары деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон биздин өлкөбүздө алыш-бериш каттамдары үчүн жол коридорлорун түзүү, башкача айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна чоң маани берилүүдө. Ошону менен бирге ички жолдорубуздун абалы жакшыртылып жатканына да күбөсүздөр.

Ошентип сырткы мамиле, жол тармактарына олуттуу көңүл буруу менен катар эле Кыргызстанга инвестиция салам, жумуш орундарын түзөм деген тараптардын баарына жагымдуу шарттарды түзүү — башкы приоритетибизге айланды. Кыргызстанда туруктуулукка күбө болгон чет элдик инвесторлордун асты келе баштагандыгын дагы өзүңүздөр көрүп жатасыздар.

Албетте, мунун баары биздин башкы мүдөөбүз – калк турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерибиз. Ар жыл сайын республикалык бюджеттин көлөмүн жогорулатуу боюнча Министрлер Кабинетинин астына жаңы милдеттерди коюп, максаттарын аныктап бердик, натыйжасын көрүп жатасыздар. Бийлик бутактарынын биргелешкен аракетинин аркасында республикалык бюджетибизден сырткары, Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында болуп көрбөгөндөй көлөмдө алтын корун топтоого жетиштик, аны ар кандай кырдаалдардын камын көрүү үчүн коопсуздук каражатынын топтому катары кармап турабыз. Ушул сыяктуу көзгө көрүнөрлүк иштерибиз барган сайын арбып, алдыга койгон ой-максаттарыбыз орундалып барат. Ооба, чечиле турган көйгөйлөр дагы көп. Аларды ырааты менен чечүүгө эркибиз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет, буюрса, баары алдыда.

Сөзүмдүн баш жагында Нооруз майрамы илгери үмүт, айкын максат, талбаган эмгек жана бекем ынтымактын ажырагыс биримдигин айкалыштырып турарын белгилеп өттүм. Жогоруда тизмектелген олуттуу иш-аракеттердин баары эл ичиндеги ынтымактын, коомчулуктагы туруктуулуктун, заман шарына жараша көз караштардын өзгөрүшүнүн натыйжасы экенин баса белгилеп кетким келет.

Меймандостук, мээримдүүлүк жана тер төгө иштеп, акыбетин көрүү сыяктуу баалуулуктардын маанилүүлүгүн эске салган Нооруз майрамында кыргыздын элдүүлүгүн сактап келе жаткан нарк-насили, ынтымак-ырашкерчилиги да даңазаланат. Бабаларыбыз дал ушул нарк-насили менен ынтымагын бекем сактаганы үчүн бүгүнкү күндө кыргыз аты өчпөй, дүйнөдө эң байыркы эл катары белгилүү болуп келатабыз. Бүгүнкү күндө да Кыргызстан элинин артыкчылыгы, дөөлөтү, эгемендүүлүгүбүздү бекемдеген асыл наркы – ынтымак, биримдик болушу керек!

Биз дагы дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ынтымагыбызды сактап, көп этностуу мамлекетибизде тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуунун канчалык маанилүү экенин аңдап-сезишибиз кажет. Бекеринен Мамлекеттик катчыбыз кайда барбасын тил безеп, ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди ийне-жибине чейин чечмелеп, толгон-токой уламыш-мисалдарды кемелине келтирип кеп кылып, улуттун урку деп күйүп-бышып жүргөн жок. Бүгүн дагы Нооруздай тамыры терең, таржымалы кенен улустун улуу күнүндө сөз кылып, тилек айтканыбыз бир гана ынтымак, биримдик, нарк-насил болушу зарыл. Аталарыбыздын “ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот” деп айткан таасын кебин көкүрөгүбүздө ыйык тумардай аздектеп сактап жүрөлү”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:30 25.04.2026
2

Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы...

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:04 24.04.2026
0

«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 24.04.2026
0

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 24.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

2
Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

11:30 25.04.2026
Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

11:24 25.04.2026
Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

11:20 25.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү