Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат. Курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту терс кабыл алуу менен карай турганын айтты.
«Мен аялзатына жана балдарга карата зордук-зомбулукту терс кабыл алуу менен карайм. Буга эч качан жол берилбеши керек. Мындай акылга сыйгыс аракеттер, биринчи кезекте, биздин коомубуздун уюткусун түзгөн үй-бүлөнү бузат, жарандардын адилеттүүлүккө болгон ишеничтерин чектейт. Бул жеке бирөөнүн эле трагедиясына айланбастан, адеп-ахлактык баалуулуктарды жокко чыгаруунун олуттуу чакырыгы болуп калат. Алсыздарга күч колдонуу – эч качан, эч нерсе менен актоого болбой турган абийирсиздик.
Коомубузда ар бир аялзат, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч-аракетти жумшоо – биздин негизги милдетибиз. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, бири-бирине кам көрө билген, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз.
Укук коргоо органдарынын бирден-бир ыйык милдети – “алсыздарды коргоо” экендигин бир канча ирет эскертип келем. Ал эми күч түзүмдөрүнүн кимиси ушундай фактыларга шалаакылык кылып, көңүл коштукка жол беришсе, анда ал атуулдук ар-намысынан эле ажырабастан, кызмат ордунан да кол жууйт.
Биз ар бир аялзаты жана ар бир баланы мамлекет тарабынан коргоону, колдоону, камкордук менен сый-урматты сезген бейпил коомду курушубуз керек. Бул багытта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жогоруда айтылган маселелерди терең изилдеп, үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгып сунуштагыла.
Ошону менен катар жубайлардын көп балалуу болуу жагдайына да көңүл буруу зарыл. Мамлекеттик коопсуздук жана туруктуулукту чыңдоо маселеси калктын санына түздөн-түз байланыштуу. Эгерде калктын саны өспөсө, анда келечекте мамлекеттин экономикалык активдүүлүгү төмөндөйт, социалдык системалар оорлошот жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу олуттуу кыйынчылыктар келип чыгат»,- деди ал.