Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде Бахрейн Королдугунун королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Королдугуна расмий сапары менен барды.
Мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Бахрейн Королдугунун тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, бул Кыргыз Республикасынын президентинин Бахрейн Королдугуна жасаган биринчи расмий сапары.