Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-мартта Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү.
Мамлекет башчысы кайрылуусунда чогулгандарды ыйык Орозо айы менен куттуктап, аларды ыйманды бекемдөөгө, кайрымдуулукка, өз ара колдоого жана сооптуу иштерди жасоого чакырды. Президент бул мезгилде бири-бирине кам көрүү, муктаждарга жардам берүү жана руханий жактан тазаланууга умтулуу өзгөчө маанилүү экенин айтты.
Мамлекет башчысы динди тутунгандарга тилектери менен дубалары кабыл болуп, ар бир үй-бүлөдө тынчтык, бакубатчылык жана ынтымак өкүм сүрүшүн каалады. Ошондой эле ал орозо айы момундар үчүн руханий кубаныч тартуулап, жакшы иштерге умтулуусун бекемдеп, өз ара түшүнүшүү жана кайрымдуулук кылуунун убактысы болоруна ишеним билдирди.
Андан соң президент мечитке келген жамаат менен бирге ооз ачып, намаз окуду.











