Шейшемби, 10.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: “Депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар”

22:44 30.09.2025
0
Садыр Жапаров: “Депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар”

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда элге кайрылуу жасап, келе жаткан шайлоо таза өтүшү керек экенин билдирди.

“Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет. Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында, эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат. 

Эми урматтуу кыргызстандыктар, кайрылуумдун негизги өзөгүнө келели. 30 жылда миң түркүн депутаттарды көрдүңүздөр. Жакшысын да, жаманын да, популистин да, демагогун да, кыйкырчаагын да, бакырчаагын да, кооз сүйлөгөнүн да, байын да, кедейин да, добуш сатып алганын да, сатканын да, көрдүңөр дегендей. Ошентип, депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар деп ишенем. 

Ошондуктан келе жаткан шайлоодо татыктуусун гана шайлаңыздар демекчимин. Татыктууларды шайлап алуу эми мындан ары өз колуңуздарда. Өз балабыз деген түшүнүктөн да алыс болуңуздар. Чаткалдан Алайга, Алайдан Ат-Башы менен Каркырага барып койсо дагы баары өз балаңар. Биз баарыбыз бир эле элбиз. 

Азыркы мыйзам боюнча ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Бир шайлоочу талапкерлердин бирөөнө гана добуш бере алат. Башкача айтканда бир шайлоочу – бир добуш. Үчүнчү орун аялдардыкы. Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу. 

Көрдүңүздөрбү? Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан. Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок. Айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбейт. Башкалардан талап кылганды жакшы билишет, бирок өздөрү ошол талаптарды иш жүзүндө аткарышпайт. 

Урматтуу кыргызстандыктар!  Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бердик. Эми сиздер таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар. “Жол, мектеп, бала-бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт. 

Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр.

Талапкерлердин дагы бир түрү болот. Алар тили менен буудай кууруйт, бирок колунан эч нерсе келбейт. Андай депутаттарды да көрдүңөр, көрүп эле жүрөсүңөр. Алардан да сак болгула. 

Кыскасы, бул шайлоодо дагы “баягыларды” шайлап алып, 5 жыл бою “депутаттар – акмактар” деп наалыбагыла. Наалысаңар өзүңөргө наалыган болосуңар. Кимдерди шайласаңар да, алар силердин өзүңүздөрдүн 5 жылдык депутатыңар болот. Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок. Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар. 

Биз, бийлик, “талапкерди эл өзү тандап алсын” деп толук шарт түзүп бердик. Эми өзүңөр жаңылбай, тандап алып, анан шайлаңыздар. Бул жолу чыныгы элдик өкүлдөрдү, өзүңөрдүн өкүлүңөдү шайлайсыздар. 

Ушул жерден айыл өкмөттөн баштап мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрыла кетейин. Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз. Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз. Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн”,- деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:11 10.02.2026
0

Кечээ, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин...

Чолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталды

Чолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:16 09.02.2026
0

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин эске алып, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында...

Милиция жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу эскертет

Милиция жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу эскертет

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:03 07.02.2026
0

7-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшү жана Чүй облусун каптаган туман тууралуу...

Жогорку Кеңештин депутаттары жол кыймылынын эрежелери боюнча онлайн тест тапшырды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаттары жол кыймылынын эрежелери боюнча онлайн тест тапшырды (видео)

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:58 07.02.2026
0

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын жол кыймылынын эрежелери боюнча онлайн тест тапшырганы тууралуу видео жарыялады.

Орозо 19-февралда башталат

Орозо 19-февралда башталат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:09 06.02.2026
0

Орозо 19-февралда башталып, ушул күнү ооз бекилет. Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши чечим кабыл...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

18:49 10.02.2026
Садыр Жапаров Ташиевдин отставкасы боюнча үн катты

Садыр Жапаров Ташиевдин отставкасы боюнча үн катты

18:35 10.02.2026
Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

19:02 10.02.2026
Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

19:02 10.02.2026
Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

18:49 10.02.2026
УКМКнын 3 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

УКМКнын 3 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

18:45 10.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү