Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кезектеги батирлерин тапшырды.
«Бара-бара жарандарыбыздын баарын үй менен камсыз кылууга жетишебиз. Биз жергиликтүү бийликтердин жана курулуш тармагындагы адистердин, карапайым курулушчулардын, талыкпаган мээнети аркылуу мамлекеттик турак-жай саясатын жүзөгө ашырабыз. Ошондуктан учурдан пайдаланып, элдин жүгүн аркалаган мындай мээнеткеч кызмат адамдарынын баарына ыраазычылык билдире кетейин.
“Алгач элде болсун, элде болсо бизде болот” деген элибизде жакшы кеп бар. Эми элибиздин көксөгөн максатын ишке ашырып келаткан Мамлекеттик ипотекалык компания тууралуу да эки ооз сөз кыла кетейин.
Бүгүнкү күндө компаниянын уставдык капиталы 80 миллиард сомдон ашып, Кыргызстандагы жападан жалгыз ири капиталга ээ болгон мамлекеттик компанияга айланды. Бул да болсо мамлекеттин элге болгон камкордугунун далили.
Урматтуу мекендештер. Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин.
Кечээ күнү депутаттар МИКтин жетекчисине суроо берип, ар кандай күмөн саноо дейбизби же ишенбестик дейбизби айтор жарга такаган суроолорду берип жатканын көрүп калдым.
Ошондуктан жалпы карапайым элге түшүнүктүү болуш үчүн толук жана кенири маалымат бере кетейин. МИКте баардыгы ачык. Кезектерди кезекте тургандар өздөрү онлайн режимде козомолдоп турса болот, ал эми акча каражаттары болсо электрондук көзөмөлдө турат.
Эч ким уурдай албайт. Уурдаса көрүнүп калат. Албетте эселеп кайтарат. Эми, ушул жерде батирге ээ болгондордун жарымы алдын ала толому жок мурдатан эле кезекте турган, 25 жылдык мөөнөт менен алып жаткандар турасыздар.
Ал эми жарымыңыздар болсо алдын ала 50 пайызын төлөп, калган суммасын 10-15 жылга алгандар олтурасыздар. МИКте элибизди турак жай менен камсыз кылууда ар түрлүү варианттар, программалар бар.
Мурда бир эле вариант бар болчу. Ал 14 пайыз менен, алдын ала 30 пайызын төлөө, калган суммасын 10 жылда төлөп бүтөсүң. Болду, өмүр бою ошол батирде жашайсың деген шарт эле.
Биз келгени кандай жанылыктарды киргиздик?
Мамлекеттик иштерде иштегендерге 4 пайызга, ал эми жеке жактарга 8 пайызга чейин тушурдук, алдын ала төлөмү жок 25 жылга бере баштадык. Дагы бир жаңылык, эгер мурда МИКтен алган батириң үй бүлөңө тардык кыла баштаса аны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бердик.
Мисалы, мурда 1 бөлмөлүү батир алып, убакыттар өткөндөн кийин бала-бакыранар чоңойуп, ал батириң үй бүлөңө тар боло баштаса, аны кайрадан МИКке тапшырып, 2 же 3 бөлмөлүү батирге алмаштырсаң болот деген мүмкүнчүлүк бердик.
Мурда бир бөлмөлүү батирге төлөп жүргөн акчаң толугу менен кийинки кенейтилген батириндин төлөмүнө эсеп болуп кете берет. Эми алдын ала 50 пайызын төлөп алып жаткан жарандарыбызга токтоло кетейин.
Мындай мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз дагы абдан көп экен. Булар мигранттар же катардагы эле жарандарыбыз.
Ушундай жол менен МИКдан бир эле жолу батир ала алышат. Депутаттар күмөн санап жатшкандай кайра-кайра бир нече жолу ала алышпайт. Тагыраак айтсам бүгүн МИКтен алган батирди эртең кайра сатып бизнес кыла алышпайт.
Ошондуктан булар үчүн да өзүнчө программа киргиздик. Алдын ала 50 пайызын төлөйсүң, калганын 10-15 жылдын ичинде төлөп бүтөсүң деп. Булар илгертен кезекте турган жарандарыбызга тиешеси жок.
Булардын алдын ала өздөрү төлөгөн 50 пайыз акча каражатын мына ушул эле курулушка жумшап жатабыз. Мына ушул курулуштун 60-70 пайызын бүтүргөнгө өздөрүнүн эле акчасын колдондук.
Бул албетте мамлекет үчүн, МИК үчүн жеңилдик болуп жатат. Мамлекеттин эле акчасын колдоно бербей мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыздын акчасын да өздөрүнө колдонолу да.
Бул акча каражаттын баары МИКтин пайдасына түшүп жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталын 80 миллиард сомдон ашырдык. Мурда деле карапайым эл үчүн ушул ишти жасаса болот экен эле. Мамлекеттин күчү да, акчасы да жетмек экен. Бирок жасаган эмес. Башынан этегине чейин уурулуктар көп болгон»,— деди өлкө башчы.








